07:48, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Уранга лицензия берген жетекчилерге таң калам, - депутат

14:37, 2 бугу айы 2019 173

Баракелде -  Уран иштетүүгө лицензияга уруксат берген жетекчилерге таң калам, деди Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов («Республика — Ата Журт») парламенттин бүгүн, 2-майдагы жыйынында. Ал уран иштетүүгө уруксат берилген аймактарды атады.

«Бизге бүгүн берилген маалымат бар. Төрага дагы айтсаңар болот деп тастыктады. Маалыматка таянсак, Чүй облусунун Панфилов районунда дагы уруксат берилген экен. Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Ысык-Көлдө Ак-Суу жана Тоң районунда. Нарын облусунда болсо Кызыл-Омпол кирип жатат. Жумгалда дагы Миң-Кушта казганга уруксат берилиптир. Миң-Кушта союз маалында кандай болгонун билесиздер да. Азыркы учурда да берилгенине таң калып жатам. Чернобылды билебиз, ошондо да эл каршы чыккан.

Союз маалында көргөн нерсенин кедергиси эмдигиче болуп жатат. Азыркы XXI кылымда биз дагы экологиялык "катастрофа" өлкөгө айланалы деп, уранга лицензия берген жетекчилерге таң калам. Мен ойлойм, токтомду кабыл алып, уранды иштетүүгө тыюу салышыбыз керек», - деди Ж.Турускулов.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком