16:24, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Дарак ыры» тасмасы Москвада кыргыз тилинде көрсөтүлөт

На русском
12:53, 1 бугу айы 2019 159
«Дарак ыры» тасмасын тартуу учуру
«Дарак ыры» тасмасын тартуу учуру

Баракелде -  Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы Кыргызстан жана Казакстанда көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу продюсерлер билдиришти.

Алардын айтымында, Россиядагы «Каро» кинотеатрларында аталган тасма 3-4-5-май күндөрү көрсөтүлөт.

«Бул кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи учур, буга чейин Москванын кинотеатрларында кыргыз тасмасы кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес. Москвада жашап жаткан мекендештерибиз үчүн тасманы эне тилинде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү», - дешти алар.

дарак ыры

Тасманын режиссеру жана сценарийдин автору Айбек Дайырбековдун айтымында, алгачкы кыргыз мюзикли, уламыш тасмадагы окуя XIX кылымдагы жашоону сүрөттөп, сүйүү темасы каралган. Ал эми тасманы тартуу иштери Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жүрүп, каскадерлордун уникалдуу эмгектери (трюк) көрсөтүлгөн. Тасма үчүн атайын 200дөн ашык оригиналдуу костюмдар тигилди.

Башкы ролдогу каармандын образын кыргыз актеру Өмүрбек Израилов жана казак актрисасы Салтанат Бакаева жараткан. Тасма үчүн атайын 17 ыр жазылып, анын ичинен 12 чыгарма пайдаланылды. Саундтрек «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко (Ая) жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева тарабынан аткарылса, клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүрдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком