20:49, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Дарак ыры» тасмасы Татарстандагы фестивалда Гран-при жеңди

На русском
10:39, 1 бугу айы 2019 150
«Дарак ыры» тасмасын тартуу учуру
«Дарак ыры» тасмасын тартуу учуру

Баракелде -  Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы XV Казань эл аралык мусулман тасмалардын фестивалында баш байгени жеңди. Бул тууралуу фестивалдын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара «Фестивалдын күндөлүктөрү» аттуу видеоролик менен башталып, анда Казань эл аралык мусулман тасмалардын фестивалынын мыкты учурлары көрсөтүлдү. Татарстандын премьер-министринин орун басары, фестивалдын уюштуруу комитетинин төрайымы Лейла Фазлеева келген конокторго президент менен премьер-министрдин атынан салам жолдоп, фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

«Мыкты уюштурулган фестивалга жана жылуу кабыл алганыңыздарга рахмат. Кесиптештерге, калыстар тобунун мүчөлөрүнө рахмат. Ушундай адистер менен иштешкениме бактылуумун», - деген Казань эл аралык мусулман тасмалардын фестивалынын калыстар тобунун төрагасы Серик Апрымов фестивалдын негизги жеңүүчүсүн атады.

Фестивалда Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» мюзикли мыкты көркөм тасма деп табылып, баш байгени жеңип алды. Ошондой эле жеңүүчү статуэтка жана 1 миллион рубль акчалай сыйлыкка ээ болду. Ошондой эле «Мыкты тартылган документалдык тасма» байгесин дагы кыргызстандык режиссер Ибадылла Ажибаевдин кыска метраждуу «Мугалим» тасмасы жеңип алды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком