18:45, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Онлайн видео: Бишкекте уранга каршы митинг уланып жатат (сүрөт)

На русском
13:27, 30 чын куран 2019 151

Баракелде -  Бүгүн, 29-апрелде Бишкектин борбордук аянтында «Жашылдар» кыймылынын өкүлдөрү урандын казылышына каршы митингге чыгышкан. Ошол эле учурда Горький атындагы паркка да Балыкчыдан келген митингчилер өздөрүнүн пикирин айтуу үчүн чогулган.

Балыкчылыктарды акциянын уюштуруучулары Ак үй тарапка барбагыла деп чакырып жатышат. Аларга ошол паркта гана чогулууга уруксат берилген. Ал эми «Жашылдар» кыймылынын өкүлдөрү борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимин тааныбай турганын айтышкан болчу.

Түшкө жакын «Ала-Тоо» аянтына милиция кызматкерлери келип, чогулгандарды тарап кетүүгө чакырышты. Ал эми митингчилер М.Горький паркы тарапка жылышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком