18:36, 22 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Сеулдун борбордук аянтына боз үй тигилип, конокторго сүмөлөк берилди

На русском
22:21, 29 чын куран 2019 213

Баракелде -  Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы борбордук аянтта 27-28-апрель күндөрү «Global Bridge» жазгы фестивалы уюштурулду. Иш-чарага кыргызстандыктар да катышканын Кореядагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Фестивалдын биринчи күнүндө концерттик программа менен «Нуска» чыгармачыл тобу кыргыз элиндеги белгилүү ырларды комуз, ооз комуз, чопо чоордун коштоосунда аткарып беришти. Иш-чаранын экинчи күнүндө Борбордук Азиядагы дизайнерлердин улуттук жана заманбап кийимдеринин көргөзмөсү уюштурулуп, ага кыргызстандык Жумагүл Сариева «Чапан KG» коллекциясы менен катышты.

Иш-чараны кыргыз боз үйү кооздоп, конокторго боорсок, самоордон чай, бал, сүмөлөк берилди.

«Иш-чара Сеулдун жашоочуларына жакшы таасир калтырып, алар Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын эли тууралуу көп маалымат алышты. Ошондой эле фестивалга жумушчу сапары менен Кореяга барган Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов күбө болду. Кыргыз боз үйүнө 8 миңден ашык адам киргени болжолдонууда», - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком