03:55, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Дарак ыры» Ирандагы эл аралык кинофестивалга катышты

На русском
13:47, 29 чын куран 2019 79

Баракелде -  Кыргызстандык режиссердун «Дарак ыры» тасмасы Ирандын Тегеран шаарындагы 37-эл аралык «Фаджр» кинофестивалына катышты. Тасма англис жанан перс тилдериндеги субтитр менен коштолуп көрсөтүлгөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тасманын көрсөтүүсүнө башкы каарман Өмүрбек Израилов да катышты. Кыргызстандын Ирандагы элчиси А.Абудразаков куттуктоо сөзүндө кыргыз элинин байыркы турмушун чагылдырган тасмага жана аудиторияга толгон көрүүчүлөргө ийгиликтерди каалады. Иш-чарага ошондой эле Иран Ислам Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун бир катар өкүлдөрү болгон Россия Федерациясы, Иран, Италия, Түштүк Корея, Таиланд, Германия, Өзбекстан, Малайзия, Аргентина, ошондой эле Тегеран шаарында жашаган мекендештер катышышты.

-----------------------------------------------------------------------------------------

«Дарак ыры» тасмасынын Россиядагы кинотеатрларда 2019-жылы күздөн тарта сатыкка чыгаруу пландалган.

Тасманын режиссеру жана сценарийдин автору Айбек Дайырбековдун айтымында, алгачкы кыргыз мюзикли, уламыш тасмадагы окуя XIX кылымдагы жашоону сүрөттөп, сүйүү темасы каралган. Ал эми тасманы тартуу иштери Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жүрүп, каскадерлордун уникалдуу эмгектери (трюк) көрсөтүлгөн. Тасма үчүн атайын 200дөн ашык оригиналдуу костюмдар тигилди.

Башкы ролдогу каармандын образын кыргыз актеру Өмүрбек Израилов жана казак актрисасы Салтанат Бакаева жараткан. Тасма үчүн атайын 17 ыр жазылып, анын ичинен 12 чыгарма пайдаланылды. Саундтрек «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко (Ая) жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева тарабынан аткарылса, клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүрдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком