16:26, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

С.Жээнбеков, Н.Назарбаев... Пекиндеги форумга кайсы өлкө башчылар катышууда?

На русском
13:24, 26 чын куран 2019 (Жаңыланды: 16:55, чын куран 26 2019) 203

Баракелде -  Бүгүн, 26-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кытай өлкөсүнүн Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумунун ачылыш аземине катышты. Форумга 187 өлкөнүн делегациялары, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары барышкан.

Анын ичинде:

- КЭР төрагасы Си Цзиньпин;

- Россиянын президенти Владимир Путин;

- Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков;

- Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев;

- Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;

- Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко;

- Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;

- Кениянын президенти Ухуру Муигаи Кениата;

- Жибутинин президенти Исмаил Омар;

- Чилинин президенти Себастьян Пиньера;

- Мозамбиктин президенти Филипе Ньюси;

- Малайзиянын премьер-министри Махатхир Махамад;

- Пакистандын премьер-министри Имран Хан;

- Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте.

Мындан тышкары форумга Азербайжан, Сербия, Египет, Кипр, Греция, Аргентина, Куба, Бириккен Араб Эмираттары, Непал, Бруней, Моңголия, Филиппин өлкөлөрүнүн лидерлери менен Мьянманын Тышкы иштер министрлигинин башчысы барган.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилери, анын ичинен Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш, Эл аралык валюта фондунун директору Кристин Лагард жана башка жетекчилер катышууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком