08:41, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Митингчилер экс-депутатты «эл тытып жиберет» деп кубалашты

На русском
12:29, 26 чын куран 2019 904

Баракелде -  Урандын казылышына каршы бүгүн, 26-апрелде Бишкекте өткөн митингде ызы-чуу жаралды. Микрофон тарапта тургандар мурунку депутат Равшан Жээнбековго эл алдында сүйлөгөнгө уруксат беришкен жок.

Митингдин катышуучуларынын бири микрофонду Р.Жээнбековдон күч менен тартып алды. Экинчи катышуучу кимге сөз бериле турганын эл өзү тандап баштаганын айтты. Дагы бир катышуучу Р.Жээнбековдон: «Элди чуу кылбай кетип калгың, азыр такыр эле тытып жиберет», - деп талап кылды.

Р.Жээнбеков ошол жерден артка кайтты.

Митингге чыккан тарыхчы Элери Битикчинин айтымында, алар уранды казууга толугу менен тыюу салууну талап кылышат. Алар жөн гана мораторий киргизүүгө макул эмес.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком