04:01, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» форумунун ачылыш аземинде (сүрөт)

На русском
12:08, 26 чын куран 2019 120

Баракелде -  Бүгүн, 26-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Кытай өлкөсүнүн Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форумдун ачылыш аземинде Кытай өлкөсүнүн төрагасы Си Цзиньпин, Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев, Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация башчылары сөз сүйлөштү.

Форумдун ишине 187 өлкөнүн делегациялары, анын ичинде 37 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Эртең, 27-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» форумунун биринчи сессиясында сөз сүйлөйт.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком