20:54, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
20:45, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 20209 ОшТУда илимий сессия жыйынтыкталды (сүрөт)
20:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 202038 Фоторепортаж — Коопсуздук кеңешинин жыйыны
Учурда окулуп жатат
11:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (30 адам окуп жатат)
Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (11 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
10:01, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (9 адам окуп жатат)
Тоңдо «Ырыс алды — ынтымак» аттуу футболдук мелдеш өттү

Бишкекте уранга каршы митинг аяктады (видео, сүрөт)

На русском
10:21, Чын куран айынын жыйырма алтысы, 2019 (Жаңыланды: 12:12, Чын куран айынын жыйырма алтысы, 2019) 339

Баракелде -  Урандын казылышына каршы жарандар бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин жанында нааразычылык билдирип чогулушкан. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөдү.

Митингчилер саат 11:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянты тарапка барышкан. Андан жарым сааттан кийин митингчилердин саны болжол менен 300 адамга жетип, саат 12:00гө карата митинг аяктады. Андан кийин чогулгандар тарап башташты.

Тарыхчы Элери Битикчинин айтымында, алар уранды казууга толугу менен тыюу салууну талап кылышат. Алар жөн гана мораторий киргизүүгө макул эмес.

----------------------------------------------------------

Учурда Кызыл-Омпол аймагында уран кенине байланышкан иштер толугу менен токтоп турат. Өкмөт ведомстволор аралык комиссия иштеп жатканын, иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алына турганын билдирди.

25-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов премьер-министрдин Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза аяктаганга чейин бардык иштерди токтотуу жөнүндө тапшырмасын аткаруу менен таанышты.

Кубатбек Боронов белгилегендей, учурда кенде бардык иштер токтотулду. Техникалар кайтарылып, инфраструктуралык объекттер мөөр басылып бекитилген, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча уран кенинде бардык иштер токтотулган. Аталган кен боюнча экологиялык жана техникалык экспертизаларды эске алуу менен ведомстволор аралык комиссиянын иши жүргүзүлөт», - деди ал.

Кызыл-Омпол уран кени менен 30 млн сомдун тарыхы

Жумуш сапарынын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бөкөнбаев айылынын жана Балыкчы шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, кендеги учурдагы абал тууралуу маалымдады.

«Уран аянтын өздөштүрүү маселесин кыйла терең жана ар тараптуу изилдөө, ошондой эле экологиялык таасирине тыкыр мониторинг жүргүзүү максатында, 2019-жылдын 18-апрелинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен тиешелүү ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр активисттерге комиссиянын курамына кирип, анын ишине катышууну сунуштады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком