05:57, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатында коло медаль тагынды

На русском
08:38, 26 чын куран 2019 137
Мээрим Жуманазарова
Мээрим Жуманазарова

Баракелде -  Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль алды. Турнир учурда Кытай өлкөсүндө өтүп жатат.

Кечээ, 25-апрелде Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки категорияда күч сынаган. Ал өзбекстандык балбанга каршы күрөшүп, утуп алган. Бирок жарым финалда япондук спортчуга утулуп калган. Ал эми коло медаль үчүн болгон күрөштө казакстандык балбанды 10:0 эсеби менен утуп, 3-орунга ээ болду.

Дагы бир кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакка чейин күч сынаган. Бирок ал кореялык балбанга утулуп, 5-орунга илинген.

Мээрим Жуманазарованын бул медалы Кыргызстан үчүн үчүнчү байге болду. Буга чейин Алигаджи Гамидгаджиев күмүш медаль, ал эми Ойбек Насиров коло медаль алган.

25-апрелде күрөшкөн балбандар:

68 кг чейин

1/4 финал

Мээрим Жуманазарова – Бактыгүл Балтаниязова (Өзбекстан) - 8:2

1/2 финал

Мээрим Жуманазарова – Сара Дошо (Япония) - 0:3

Коло медаль үчүн болгон күрөш

Мээрим Жуманазарова – Ирина Казюлина (Казакстан) – 10:0

76 кг чейин

1/4 финал

Айпери Медет кызы – Гүлмарал Еркебаева (Казакстан) - 6:5

1/2 финал

Айпери Медет кызы – Хирое Минагава Сузуки (Япония) — Сузукинин жеңиши

Айпери Медет кызы – Энжу Хванг (Корея) – 2:9.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком