06:02, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт активисттерди уран кени боюнча комиссиянын курамына кирүүгө чакырат

На русском
08:16, 26 чын куран 2019 182

Баракелде -  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов премьер-министрдин Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза аяктаганга чейин бардык иштерди токтотуу жөнүндө тапшырмасын аткаруу менен таанышты.

Кубатбек Боронов белгилегендей, учурда кенде бардык иштер токтотулду. Техникалар кайтарылып, инфраструктуралык объекттер мөөр басылып бекитилген, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча уран кенинде бардык иштер токтотулган. Аталган кен боюнча экологиялык жана техникалык экспертизаларды эске алуу менен ведомстволор аралык комиссиянын иши жүргүзүлөт», - деди ал.

Кызыл-Омпол уран кени менен 30 млн сомдун тарыхы

Жумуш сапарынын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бөкөнбаев айылынын жана Балыкчы шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, кендеги учурдагы абал тууралуу маалымдады.

«Уран аянтын өздөштүрүү маселесин кыйла терең жана ар тараптуу изилдөө, ошондой эле экологиялык таасирине тыкыр мониторинг жүргүзүү максатында, 2019-жылдын 18-апрелинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен тиешелүү ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр активисттерге комиссиянын курамына кирип, анын ишине катышууну сунуштады.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком