03:14, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

4 адамдын кылмышы: Катуу сабалып, бычакталгандан кийин тирүү калган Надыр ооруканага өзү барган

На русском
16:12, 25 чын куран 2019 416
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Москва райондук соту буга чейин соттолгон Евгений (аты өзгөртүлдү), Рамазан (аты өзгөртүлдү), Идрис (аты өзгөртүлдү) жана Николайга (аты өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Евгений 2018-жылы 20-октябрда мас абалда Рамазан экөө Надырга (аты өзгөртүлдү) бензин чачып, өрттөп жиберишкен. Надыр качып, өрттөнүп жаткан кийимин чечүүгө жетишкен. Ал арыктагы суу менен денесиндеги жалынды өчүргөн.

Ушул эле күнү Евгений саат 18:00 чамасында Рамазан жанан Идрис менен спирт ичимдигин ичип, себепсиз Олегди (аты өзгөртүлдү) катуу сабашкан. Алар Олегге бензин чачып, өрттөп жиберишкен. Андан кийин бурагыч (отвертка) менен сайып, денени унаанын багажына салып, каналага алып барып, камыш менен көмүп коюшкан. Олегдин денеси 2018-жылы 7-ноябрда табылган.

Бул окуядан соң 5 күндөн кийин Евгений мас абалда Рамзан, Идрис жана Николай менен көмүскө бүтүмгө келип, Надырга бир нече жолу бычак сайышкан. Андан кийин аны камыштын арасына ыргытып, башына балка менен чаап, камыш менен жаап, өздөрү качып кетишкен. Бирок Надыр унаа жолго чейин жетип, жолдогу унаалардын бири менен ооруканага барган.

Жыйынтыгында сот Евгений менен Рамазанды 20 жылга эркинен ажыратты. Ал эми Идрис 17 жылга, Николай 12 жылга кесилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком