03:56, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түнкү жарыш: Катуу ылдамдыкта бараткан унаа тосмону сүзүп, өрттөнүп кеткен (видео, сүрөт)

На русском
15:02, 25 чын куран 2019 269

Баракелде -  Бишкек мэриясы ШИИБден жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан коомдук тартип, жол эрежесин бузган жарандарга чара көрүүнү өтүнөт. Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, А.Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө түнкүсүн унаалардын жарышы өтүп жатат.

24-апрелде катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа башкаруусун жоготуп, велосипед жолуна чыгып кеткен. Анын кесепетинен бетон тосмо жана бордюрлар сынып, 100 миң сомдук чыгым келтирилген. Мындан тышкары дагы бир окуянын кесепетинен мэрия 150 миң сом чыгымга учураган.

Буга чейин социалдык тармактарда аталган көчөдө унаа күйүп жаткан учурдагы видео тараган. Колдонуучулардын биринин маалыматы боюнча, «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу жаан жаап жаткандыктан рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, жүргүнчүлөр жана айдоочу тирүү.

Ал эми ЖКККБ билдиргендей, кырсык 25-апрелде саат 02:20 чамасында болгон. Айдоочу тосмону сүзүп, анын кесепетинен эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком