16:23, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбековду Пекинге коштоп кеткен делегация

На русском
14:49, 25 чын куран 2019 (Жаңыланды: 16:53, чын куран 25 2019) 397

Баракелде -  Бүгүн, 25-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019» көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кытай өлкөсүнүн Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Кытай өлкөсүнүн төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан тышкары, эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондору (күркө) көрсөтүлүп, башка делегациялардын жетекчилери менен бирге «Достук оазиси» гүл бакчасында дарак отургузулат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

- Тышкы иштер министри Айдарбеков Чыңгыз Азаматович;

- Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сыдыков Данияр Батырович;

- Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Бактыгулова Канайым Жумадиловна;

- Экономика министри Панкратов Олег Михайлович;

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

- Транспорт жана жолдор министри Бейшенов Жанат Саматович.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком