21:24, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы арабиялыктарды жеңди

На русском
10:32, 25 чын куран 2019 229

Баракелде -  Кечээ, 24-апрелде Бангладеш өлкөсүнүн Дакка шаарында кыз-келиндер арасында футбол боюнча эл аралык Bangamata U-19 Women’s International Gold Cup 2019 турнири башталган.

Турнирде байге үчүн 2 топко бөлүнгөн 6 команда күч сынайт. Кыргызстандык команда В тобундагы Бангладеш менен Бириккен Араб Эмираттарынын командаларына туш келди.

Биринчи турда кыргызстандык команда Бириккен Араб Эмираттары менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми экинчи таймда Бириккен Араб Эмираттар өлкөсүнүн курамасы пенальти тебе албай, ал эми кыргызстандык футболчу Айжан Боронбекова оюн талаасынан четтетилди.

Биринчи тур, 24-апрель

Кыргызстан (U-19) - ОАЭ (U-19) - 2:1

Голдор: 4 (1:0); 16 (2:0), 37 (2:1).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком