19:54, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Оор атлетчи Иззат Артыков Азия чемпионатында жаракат алды

На русском
15:37, 24 чын куран 2019 186

Баракелде -  Кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыковдун Азия чемпионатындагы мелдеши ийгиликсиз аяктады.

Учурда бул турнир Кытай өлкөсүнүн Нинбо шаарында өтүп жатат. Турнирде кыргызстандык оор атлетчи 67 кг салмакка чейинки спортчулар арасында штанга көтөрүү боюнча күч сынаган.

Штанганы жулкуп көтөрүүдө Артыков 127 кг көтөрүп, бирок экинчи аракети ийгиликсиз болуп, 132 кг көтөрө албай койгон. Үчүнчү жолку аракетинде бул салмакты көтөрүп, бирок тизесинен жаракат алды. Түртүп көтөрүүгө Артыков катыша албай калып, жыйынтык көрсөтө алган жок.

Ал эми 27-апрелде дагы бир кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков күч сынайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком