03:56, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Президент сүйлөгөн жыйында уктаган губернаторлорду «срочно» жумуштан алыңыз, - депутат өкмөт башчыга

На русском
15:06, 24 чын куран 2019 1170

Баракелде -  «Президент жыйында сүйлөп жатса, губернаторлоруңуз уктап жатат», - деди Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн 2018-жылдагы отчетун караган жыйында.

Суроо-жооптун жүрүшүндө аймактардагы административдик маселе боюнча суроо болуп, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев учурда атайын комиссия иштеп жатканын айтты.

«Административдик-территориялык реформага сөзсүз барышыбыз керек, тездетишибиз керек деген ойдомун. Мөөнөттөрү коюлду, кандай мүчүлүштүктөр болот, аны сиздер менен кеңешебиз», - деди М.Абылгазиев.

А.Сулайманов суроосун улантты.

А.Сулайманов: - Акимдердин, губернаторлордун (өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) тагдыры боюнча кечээ сөз болду эле. Кандай ойго келдиңиз. Эртеңкиге чечип келем, бир жыйынтык менен келем дедиңиз эле?

М.Абылгазиев: - Ойлонуп жатабыз. Сентябрга чейин жумушчу топтун, комиссиянын алкагында активдүү иштейин деп жатам. Бирок менин оюм боюнча бир звено артыкча. Аны чогулуп чечели.

А.Сулайманов:- Губернаторлор бүгүн ашыкча экени түшүнүктүү эле болуп турат. Анан акимдерди акырын бекемдөөгө барсак.

Президент жыйында сүйлөп жатса, губернаторлор уктап жатат. Эки губернатор уктап жатат. Сиз ошолорду жумуштан алыңыз, «срочно». Калганынын тагдырын май ичинде чечиңиз. Чечпесеңиз Конституциядагы укугубуз менен биз чечип беребиз. Сизге чечиңиз деп тапшырма берип жатабыз, сиз аны аткарбай жатабыз. Губерниясы жок губернаторлоруңуздун эмне кереги бар. Айыл өкмөттөргө дагы бирөөсүн — акимдерди жүктөгөнүңүз жетет, губернаторлор дагы аларга минип алышкан.

М.Абылгазиев: - Комиссияга кирген адамдардын кээ биринин ойлорун айтып берейинби. Кээ бири айтып жатат, райондордун кереги жок, облус калып, айыл өкмөттөрдүн баарын ирилештирүү керек деп. Анда 40 райондун ордунда 20-15 болобу, ушундай болот. Кээ бири облустарды жойгула, райондор калсын деп жатат. Ушунун баарын таразалап, экономикалык жагын, элдин социалдык абалына кандай таасирин тийгизет, ушунун баарын ойлонуп чечели.

А.Сулайманов: - Бир жылдан бери ойлонуп жатасыздар.

М.Абылгазиев: - Бышып келе жатабыз.

А.Сулайманов:- 2-3 жылда бышпаган, эми качан бышасыңар. Уят.

М.Абылгазиев: - Сурооңузга рахмат.

Сөз кезеги башка депутатка берилди.

-----------------------------------------------------------------------------

22-апрель күнү Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форумунда уктап калган мамлекеттик кызматкерлердин сүрөттөрү интернетке тарап, социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды.

Уктап калган кызматкерлердин сүрөттөрүнүн арасында өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү, Ош шаарындагы мамлекеттик мекемелерде жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүктөрүндө иштеген чиновниктердин сүрөттөрү бар. Социалдык тармактарда айтылып жаткан сын боюнча Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы телекоммуникациялык форумга баргандардын пикирин угуп көрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы өкүлү Абдимиталип Шамшиев уктаган чиновниктерди тарткан журналисттерди айыптады.

«Ошол сүрөттөрдү тарткан журналисттердин уяты жок экен. Биз 3 күн бою уктаган жокпуз. Ал жыйында уктасак, уктап кеткендирбиз. Анда дарга асып койгула», - деди ал.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев да алыстан келгендерди туура түшүнүү керектигин айтты.

«Мен жыйында уктаган жокмун. Башкалар жөнүндө эч нерсе дей албайм. Бирок мындан кыйкым издөөнүн кереги жок. Себеби айрымдар алыс жактан жол жүрүп келишти. Тирүү жан болгондон кийин көзү жумулуп кетиши мүмкүн, ылдый жакты карашы мүмкүн. Ошол учурда уктагандай болуп калса керек», - деди ал.

Саясий эксперт Төлөгөн Келдибаев мамлекеттик маанилүү иш-чараларга катышкан кызматкерлер эртеси күнү эс алууга тийиш экенин билдирди.

«Мамлекеттик кызматкерлер маанилүү иш-чараларга катышкандан кийин, албетте эс алууга тийиш. Биздеги эмгек кодекси боюнча жумушчулар 8 саат гана иштешет. Эми бул тарап кеткен сүрөттөрдү "кайдыгерлик" деп баалоого болбойт. Анткени чиновниктер андан мурун түрк тилдүү элдердин иш-чараларына катышты, айрымдары аймактардан келип, чарчап калышы мүмкүн. Эгер алар 1 күн эс алып, анан эртеси президенттин форумуна катышып, уктап калганда мына ошону "кайдыгерлик" деп айтканга болот», -деди Т.Келдибаев.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, президент сүйлөп жаткан учурда эч ким уктаган эмес.

«Форум эртең менен саат 9:00дө башталды. Президент форумдун башында эле сүйлөдү. Мен ошол жерде болчумун. Президент сүйлөп жатканда бир дагы киши уктаган эмес. Мен кепилдик бере алам. Президент 15-20 мүнөт сүйлөгөнчө уктап калат деген логикага дагы туура келбейт. Бирок форум түштөн кийин дагы уланган. Ошол учурда уктагандар болушу мүмкүн. Түштөн кийин президент форумга катышкан эмес», - деди А.Абсаттаров.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком