03:53, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кызыл-Омпол уран кени менен 30 млн сомдун тарыхы

11:09, 24 чын куран 2019 787

Баракелде -  Кызыл-Омпол аймагынан уран кенин казууга байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-апрелдеги отурумунда дагы айтылды. Депутаттар өкмөттүн 2018-жылы аткарган иштери боюнча отчетун карап жатышат.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отчетту окуп бүткөндөн кийин суроо-жооп башталып, депутат Камчыбек Жолдошбаев («Өнүгүү-Прогресс») уранга байланыштуу суроо узатты.

К.Жолдошбаев: - Уран негизи кыргыз элине зыян тийбегендей, тие турган болсо калдык сактагыч жайды (хвостохранилище) бир жакка көчүрүп кетип, элге жаңы заманбап техникалар менен колдонсо болобу же болбойбу? Жооп берип коесузбу.

2 жумадан бери уранга байланыштуу катуу талкуу болуп жатканын айткан өкмөт башчы бул кенге уруксат берүүнүн тарыхына токтолду.

М.Абылгазиев: - Урандын тарыхына токтолуп, маалымат берип койсом. Себеби туура эмес маалыматтар болуп жатат. Уранды иштетүүдө Россия Федерациясынын 30 млн долларын алышкан деп…

«ЮрАзия Кыргызстан» (изилдөө иштерине лицензия алган компания) 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы 18-ноябрда геологиялык изилдөөгө алган экен. Ошондой эле кайра 2011-жылы узартылган, геологиялык чалгындоо деп. Ал убакта жаратылыш ресурстары боюнча министр болуп Жумалиев Кайрат иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол деп уран чыккан кендин жерине берген (лицензия) экен. Экинчи жолу Эсенаманов Замир министр болуп иштеп жүргөндө кол коюптур.

2012-жылы ошол жерге лицензиялык макулдашуу деп Чунуев кол койгон, дагы узартып беришкен.

2014-жылы 2015-жылга чейинки узартууга Зилалиев (Дүйшөнбек Зилалиев) уранга деп кол койгон. Уран экенин билишкен. Уран чыгарын билишип, геологиялык чалгындоо болуп, таанышып чыккандан кийин уранга деп жазылып, лицензия берилген экен.

Ошондон бери келе жатып, 2016-жылы дагы узартылыптыр. Азыркы чалгындоо иштери жүрүп жатат.

Россия Федерациясынын президенти келгенде кол койгон иш кагаздарды, келишимдерди биздин бюджетке түшкөн деп айтып жатышат. Андай эмес… «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» менен Россиянын «Экономи Полимерс» деген ишканасы бири-бири менен кызматташуу боюнча кол коюлуп жатат. Ошол компания «Кара-Балта тоо-кен комбинатына» 30 млн доллар бергенге жардам берем деп жатат.

Экинчиден, биз ведомство аралык комиссия түздүк. Башында — Кубат Айылчиевич (биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов). Ал жерде бүт: экологиялык маселе, адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө, жаратылышыбызга кандай маселе болот... Ушул маселелердин баарын камтыган ведомство аралык комиссия түздүк.

Ал жерге Илимдер академиясынан, ушул тармактагы окумуштуу-эксперттерди коштук. Азыр тапшырма берип жатабыз, эл аралык эксперттерди да чакырып, тыянагыбызды чыгарабыз. Анан силер менен, эл менен кеңешип, ошондон кийин уруксат беребиз же бербейбиз. Ушундай максат болуп жатат. Бүгүнкү күндө ал жерде иш болгон жок.

--------------------------------------------------

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча 22-апрелде кеңешме өткөрүп, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган болчу.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком