08:46, 16 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ө.Текебаевдин сот отуруму жылдырылды

На русском
16:42, 23 чын куран 2019 346

Баракелде -  Жогорку сот Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнбек Чотоновдун ишин кароону 3-майга жылдырды. Соттук коллегия бул ишти жаңы кодекстердин негизинде бүгүн, 23-апрелде карап баштаган.

Ал эми прокурор иш менен таанышып чыгуу үчүн отурумду жылдырууну сунуштады. Жактоочу болсо 18 том менен танышуунун зарылдыгы жок экенин, процессти баштоо зарылдыгын айтты.

Жыйынтыгында отурум жылдырылды.

----------------------------------------------------------------------------

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөн Чотоновго карата 2017-жылдын 16-августунда чыгарылган өкүм менен тааныштырган. Райондук сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан болчу. Облустук сот, кийин Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком