20:04, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Көбүрөөк машык»: Антонина Шевченкого америкалык атаандашынан кеңеш

На русском
18:54, 23 чын куран 2019 194

Баракелде -  UFC мушкери — америкалык Роксанна Модаффери өзүнөн утулуп калган атаандашы Антонина Шевченкого кеңеш берди. Эки мушкердин беттеши 20-апрелде Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн болчу.

Калыстар үч раунддун жыйынтыгынан кийин жеңишти америкалык мушкер айымга ыйгарышкан.

Модаффери беттештен кийин: «Өзүмдүн жеңишиме канааттандым, бирок калыстардын чечими бир аз таң калтырды. Антонинанын бат кыймылдаганына таң калдым жана күтүүсүз болду. Ал жакшы мушкер, ага көбүрөөк машык деп кеңеш берем», - деди.

Бул турнирдеги беттеши үчүн Шевченко 23,5 миң доллар (20 миң доллар турнирдеги беттеши үчүн жана 3,5 миң доллар иш-чарага катышкандыгы үчүн) алды. Ал эми анын атаандашы америкалык Роксанна Модаффери жеңиши үчүн 64 миң доллар гонорар алды.

-----------------------------------------------------------------

Антонина Шевченконун UFC уюмундагы дебюту 2018-жылдын декарь айында Түштүк Кореянын өкүлү Жи Йон Ким менен өтүп, жеңишке жетишкен болчу. Ал эми Модаффери мурун кыз-келиндер арасында эң жеңил салмактагы чемпион титулуна талапкер болуп, Никко Монтаного утулуп калган. 2018-жылдын ноябрь айында Сиджаре Юбэнкске утулган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком