10:01, 23 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сооронбай Жээнбеков: Бишкек өзүнүн «жашыл шаар» деген аталышын кайра калыбына келтириши керек

На русском
14:00, 23 чын куран 2019 123
Сооронбай Жээнбеков жана Азиз Суракматов
Сооронбай Жээнбеков жана Азиз Суракматов

Баракелде -  Бишкек өзүнүн «жашыл шаар» деген аталышын кайра калыбына келтириши керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы эс алуу багы курула турган жерде капсула салып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы Бишкек ар дайым өзүнүн жашыл бак-дарактары, кооз аллеялары жана тазалыгы менен белгилүү болуп, «жашыл шаар» деп аталып жүргөнүн баса белгиледи.

«Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу учүн баарынан маанилүү. Паркта өнүккөн инфраструктура жана ар тараптуу, анын ичинде активдүү дагы эс алуу үчүн зарыл шарттар түзүлүшү керек, - деди ал.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болочок парктын курулушунун долбоору менен тааныштырды.

Ч.Айтматов проспекти менен А.Масалиев—Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгаша турган парктын аянты 10 гектарды түзөт. Долбоордо жөө жүрүүчүлөр үчүн коммуникация, 17 миңден ашуун чарчы метр тротуарлар, жарыктандыруу, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, 160 орундуу унаа токтотуучу жай жана башкалар каралган. Бүгүнкү күндө тротуарларды, асфальтбетон жана таман таштарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Курулуш иштерин 2019-жылдын 31-августуна карата бүтүрүү болжолдонууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком