03:54, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Нурсултан Назарбаев президенттикке сунуштаган талапкер ким?

На русском
11:48, 23 чын куран 2019 329
Казак президенти Нурсултан Назарбаев
Казак президенти Нурсултан Назарбаев

Баракелде -  Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев президенттик кызматка талапкер сунуштады. Ал бул кызматка «Нур Отан» партиясынын кезексиз съездинде Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлиги тууралуу айткан.

«Нур Отан» партиясы — Казакстандагы 900 миңден ашык мүчөсү бар эң ири партия болуп эсептелет. 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо бул партия шайлоочулардын 82,2% добушун топтоп, Мажилистин төмөнкү палатасындагы 107 орундун ичинен 84 орунга ээ болгон.

-------------------------------------------------------------------------------------------

Казакстандын президенти кызматына алгачкы талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына 22-апрелде документтерин тапшырганы маалым болгон. Комиссиянын маалыматы боюнча, Садыбек Тугелдин талапкерлиги «Ұлы Дала Қырандары» республикалык кыймылы» коомдук бирикмеси тарабынан көрсөтүлгөн.

Алгачкы талапкер 1955-жылы төрөлгөн. Ал учурда Улуттук ат оюндары федерациясынын вице-президенти, «Ұлы Дала Қырандары» республикалык кыймылы» коомдук-социалдык маданий кыймылынын тең төрагасы, 10 китептин автору, эмгек сиңирген машыктыруучу, спорттун ардактуу кызматкери, спорт журналистикасы боюнча Сейдахмет Бердикулов атындагы сыйлыктын ээси, ошондой эле Улан районунун ардактуу атуулу болуп эсептелет.

Жубайы экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси. 3 небереси бар.

-------------------------------------------------------------------------------------------

Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев 9-апрелде республикалык телеканалдын эфири аркылуу өлкөдөгү президенттик шайлоону жарыялаган.

«Урматтуу мекендештер, бүгүн элге жана ар бириңиздерге маанилүү маалымат менен кайрылам. Конституцияга ылайык президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда 2019-жылдын 9-июнунда өткөрүү тууралуу чечим кабыл алдым», - деген президент.

-------------------------------------------------------------------------------------------

2019-жылдын 20-мартында Астана шаарында жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин ант берген.

Ал эми 19-мартта кечинде отставкасын жарыялаган Нурсултан Назарбаев: «Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экендигине ынанам», - деген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком