09:02, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020594 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (27 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (6 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
11:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (4 адам окуп жатат)
Ат-Башыда курула турган логистикалык борбордо электромобилдер чыгарылат

3 млн сом: Бишкекте студенттер спайс менен кармалды

На русском
11:12, Чын куран айынын жыйырма үчү, 2019 557

Баракелде -  УКМКнын кызматкерлери Борбор Азия өлкөлөрүндө баңгизаттарын жеткирүү менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун ишин ачыкка чыгарды. Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам тактоо иштеринин алкагында бул топтун ишин Кыргызстандын аймагында жайылтууга көмөк көрсөтүп турган 2 студент колго түшкөн.

Шектүүлөр — ИИМ Академиясынын 2-курсунун курсанты А.Д. (2000-жылы туулган) жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун 2-курсунун студенти Н.Н. (1999-жылы туулган). А.Д. текшерилген учурда 1 кг 75 гр салмактагы спайс заты табылган. Бул затты кичине көлөмдөн жаштар арасында сатышмак. Анын «кара базардагы» баасы болжол менен 3 млн сомго жетет.

Бул факты Жазык кодексинин 267-беренесиндеги 3-бөлүмдүн негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком