06:02, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстандын президенттигине алгачкы талапкер чыкты

На русском
09:55, 23 чын куран 2019 331

Баракелде -  Казакстандын президенти кызматына алгачкы талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына 22-апрелде документтерин тапшырды. Комиссиянын маалыматы боюнча, Садыбек Тугелдин талапкерлиги «Ұлы Дала Қырандары» республикалык кыймылы» коомдук бирикмеси тарабынан көрсөтүлгөн.

Алгачкы талапкер 1955-жылы төрөлгөн. Ал учурда Улуттук ат оюндары федерациясынын вице-президенти, «Ұлы Дала Қырандары» республикалык кыймылы» коомдук-социалдык маданий кыймылынын тең төрагасы, 10 китептин автору, эмгек сиңирген машыктыруучу, спорттун ардактуу кызматкери, спорт журналистикасы боюнча Сейдахмет Бердикулов атындагы сыйлыктын ээси, ошондой эле Улан районунун ардактуу атуулу болуп эсептелет.

Жубайы экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси. 3 небереси бар.

-------------------------------------------------------------------------------------------

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 9-апрелде республикалык телеканалдын эфири аркылуу өлкөдөгү президенттик шайлоону жарыялаган.

«Урматтуу мекендештер, бүгүн элге жана ар бириңиздерге маанилүү маалымат менен кайрылам. Конституцияга ылайык президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда 2019-жылдын 9-июнунда өткөрүү тууралуу чечим кабыл алдым», - деген президент.

-------------------------------------------------------------------------------------------

2019-жылдын 20-мартында Астана шаарында жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин ант берген.

Ал эми 19-мартта кечинде отставкасын жарыялаган Нурсултан Назарбаев: «Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экендигине ынанам», - деген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком