11:14, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Шри-Ланкада жүк ташыган унаа жарылды, - ЖМК

На русском
17:12, 22 чын куран 2019 194

Баракелде -  Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарында дагы бир жарылуу болду. Окуя чиркөөгө жакын аймакта жүк ташуучу унаадан табылган бомбаны зыянсыздандырып жаткан учурда болгонун «Reuters» күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Буга чейин Шри-Ланкадагы жардыруулардын кесепетинен эң аз 290 адам көз жумганын «The Guardian» басылмасы полициянын өкүлү Руан Гунасекерге шилтеме берүү менен жазган. Ал эми жабыркагандардын саны 500 адамга жеткен.

Чиркөөлөрдөгү жана мейманканалардагы жардырууларга шектелип 13 адам кармалды. Коломбо шаарынан алыс эмес аймакта колго түшкөн шектүүлөр бир топтун мүчөлөрү экени аныкталды. Полиция кызматкерлери жардырууларды уюштурган адамдарды ташыган делген унаанын жана анын айдоочусун табышты. Ошондой эле укук коргоо органдары шектүүлөр жашынуу үчүн полиция тилкесиндеги үйдү колдонушканын билдирди.

Шри-Ланкада буга чейин жалпы 8 жолу жардыруу болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком