08:38, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

UFC: Антонина Шевченко менен Рафаэль Физиев канча гонорар алды?

На русском
16:30, 22 чын куран 2019 335
Антонина Шевченко
Антонина Шевченко

Баракелде -  20-апрелде Россиянын Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн UFC on ESPN+ 7 турнирине катышкан мушкерлердин гонорары белгилүү болду.

Кыргызстандык Антонина Шевченко беттеште америкалык атаандашы Роксанна Модаффериге утулуп калган. Бул турнирдеги беттеши үчүн ал 23,5 миң доллар (20 миң доллар турнирдеги беттеши үчүн жана 3,5 миң доллар иш-чарага катышкандыгы үчүн) алды. Ал эми анын атаандашы америкалык Роксанна Модаффери жеңиши үчүн 64 миң доллар гонорар алды.

Мындан тышкары кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмундагы дебюттук беттешинде Магомед Мустафаевге утулуп калып, бул беттеши үчүн 13,5 миң доллар алды. Ал эми Магомед Мустафаев 82 миң долларга ээ болду. Бул турнирде эң көп гонорарды мушкер Алистар Оверим алды. Анын гонорары 865 миң долларга жеткен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком