21:16, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020
21:05, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 202022 Путин өзүнө 2 жардамчы дайындады
20:45, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 202039 ОшТУда илимий сессия жыйынтыкталды (сүрөт)
20:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020141 Фоторепортаж — Коопсуздук кеңешинин жыйыны
Учурда окулуп жатат
11:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (29 адам окуп жатат)
Уулун 5 миң долларга сатып жаткан жаш келин жана анын аяш апасы кармалды
18:09, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (8 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ала-Бел ашуусундагы тыгын 3 саатка созулду
20:36, Үчтүн айынын жыйырма төртү, 2020 (8 адам окуп жатат)
Фоторепортаж — Коопсуздук кеңешинин жыйыны

Дарья Маслова — Тажикстандагы жарым марафондун жеңүүчүсү

На русском
16:25, Чын куран айынын жыйырма экиси, 2019 236
Дарья Маслова
Дарья Маслова

Баракелде -  Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова эки жыл катары менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы жарым марафондо жеңүүчү болду. Быйылкы марафон 20-апрелде өтүп, ага 11 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышты.

Кыргызстан, Эфиопия, Өзбекстан, Кения, Тажикстан, Америка жана Россиянын спортчуларынын арасынан Маслова биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал 21 км 97,5 метр аралыкты 1 саат 14 мүнөт 45 секундда чуркап өткөн. Д.Маслова эфиопиялык жөө күлүктөн 1 мүнөт 54 секунга, ал эми өзбекстандык спортчудан төрт мүнөткө эрте келди.

Ал эми мырзалар арасындагы жарышта кыргызстандык Жоодарбек Көчкөнбаев жеңүүчүдөн 4 мүнөт 12 секундга артта келип, 4-орунду алды.

Маслова 2016-2018-жылдары Дүйшөмбүдөгү жарым марафондо жеңүүчү болгон. 2017-жылы Дарья Маслова 5000 жана 1000 метр аралыкта чуркоо боюнча Азия чемпиону аталган. 2018-жылы Азия оюндарында 10000 жана 5000 метр аралыкта чуркоодо алтын менен күмүш медалга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком