01:39, 20 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Ысык-Көлдө уран кенин казууга каршыбыз!»: Петицияны колдогондордун саны өсүүдө

На русском
14:00, 22 чын куран 2019 229

Баракелде -  «Ысык-Көлдө уран кенин казууга каршыбыз!» аталышындагы петицияга сутка ичинде 10 миңден ашуун жаран кошулуп, учурда алардын саны өсүп жатат.

Автор Алена Хоменконун айтымында, бул казуу иштери жер астындагы жана жер үстүндөгү сууларга таасирин тийгизет.

«Уран казылган аймактарды баштапкы же жакынкы абалына алып келүүнүн баасы бештен баштап он долбоорго чейин тургандыгын статистика айтып жатат. Эгерде уран кени казылып алына турган болсо мамлекет миллиарддаган каражат пайда көрөт. Бирок аймакты калыбына келтириш үчүн беш миллиарддан он миллиардга чейин акча керектелет. Ошондой эле убакыт. Мындан тышкары бул туристтик зона экендигин унутпоо керек. Коркунучтуу өндүрүш тууралуу сөз болуп жаткандыктан, казуу иштери жүргүзүлө турган жерди коопсуздук зона кылууга туура келет», - деп айтылат петициянын текстинде.

добыча урана

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком