03:55, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Конгонун жараны кармалды

На русском
12:54, 22 чын куран 2019 86

Баракелде -  19-апрелде «Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Конго өлкөсүнүн 1991-жылы туулган жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Москва—Бишкек аба каттамы менен учуп келген Конго өлкөсүнүн жараны Кыргызстандын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсүн колдонуу менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган. Ошондой эле тышкы мигранттардын бирдиктүү эсепке алуу системасынын базасын текшерүүдө аталган жарандын электрондук визасы жок болуп чыккан.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бардык жагдайлар аныкталгандан кийин, жасалма электрондук виза колдонгон чет өлкөлүк жаранды өлкө аймагынан чыгаруу чечими кабыл алынган.

---------------------------------------------------

Буга чейин февраль айында дагы ушундай факты катталган. 6-февраль күнү УКМК КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрмө жайында Кыргызстандын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсү менен чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатышкан чет өлкөлүк адамдарды кармашкан. Алар Нигериянын жарандары — 1979-жылы туулган Икене Анайо жана 1997-жылы туулган Карим Ахмед Оламилекан экени аныкталган.

Тышкы миграция боюнча бирдиктүү каттоо системасы нигериялык 2 жарандын визасы КРнын электрондук визаларына дал келбегендигин көрсөткөн. Бардык жагдайлар иликтенип бүткөндөн кийин алар Кыргызстандан депорттолгон.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком