16:25, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги оргумалар качан иштеп баштайт?

На русском
09:23, 22 чын куран 2019 102
Оргума
Оргума

Баракелде -  Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери оргумаларды иштетүүгө даярданып жатышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда оргума комплекстери тазаланып, жарыктандыруучу жабдыктардын эски электр зымдары алмаштырылууда. Ишкананын балансында жалпы 16 оргума комплекси бар. «Тазалыктын» 24 кызматкери Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, «Жаштар» аллеясынын, «Солнечные рыбки», «Аска-Таш» комплексинин жанындагы жана «Ала-Тоо» аянтындагы оргумаларды пайдаланууга берүүгө даярдап жатышат.

Оргумаларда оңдоо иштери кышы бою жүргүзүлүп, электр кыймылдаткычтар, насостор жана суу түтүктөр алмаштырылды. Оргумаларды пайдаланууга берүү аба ырайынан көз каранды. Эгер күн жылуу болсо алар апрель айынын аягында иштеп баштайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком