11:32, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Шри-Ланкада 8 жолу жардыруу болуп, жүздөгөн адам көз жумду

На русскомНа русском
17:07, 21 чын куран 2019 549

Баракелде -  Шри-Ланкада дагы эки жолу жардыруу болду. Буга чейин эки чиркөө жана үч мейманканада жардыруу болгону маалымдалган. Ал эми жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоологиялык бакчанын жанында катталып, 2 адам көз жумду.

"РИА Новости" басылмасынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге коопсуздук кызматкерлери чакырылып, бакча убактылуу жабылды. Ошондой эле сегизинчи жардыруу турак-жай комплексинде болгонун France Press агенттиги билдирди.

Жардыруулар Пасха майрамы учурунда чиркөөлөрдө жана мейманканаларды болгон. Шри-Ланканын өкмөтү ыкчам кеңешме өткөрдү. Буга чейин жергиликтүү телеканалдар жардыруунун кесепетинен 185тен ашык адам каза болуп, 500дөй адам жабыркаганын маалымдаган. Окуядан кийин өлкөдө социалдык тармактар жана мессенджерлерге чектөө коюлду.

Азырынча жардырууну эч ким моюнуна ала элек.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком