16:29, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: С.Жээнбеков «Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» салтанатынын ачылышында

На русском
12:54, 21 чын куран 2019 229
Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-апрелде «Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору»

салтанын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу аземдин алдында уюмдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов президент Сооронбай Жээнбековго Ч.Айтматов атындагы ТҮРКСОЙдун ардактуу төш белгисин анын түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн тапшырды. Мындай төш белги буга чейин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын бир тууганы Роза Айтматовага тапшырылган. Кыргызстанда бул төш белги мамлекеттик ишмерге биринчи жолу тапшырылууда.

Сооронбай Жээнбеков көрүүчүлөр менен биргеликте театрлаштырылган оюн-зоок программасын жана түрк дүйнөсүнүн маданий ишмерлеринин гала-концертин көрдү жана ошондой эле сөз сүйлөп, ордолуу Ош — Борбордук Азиядагы үч миң жылдан ашкан тарыхы, маданияты жана өтө бай салттары бар эң байыркы шаар экенин белгиледи.

«Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" катары жарыяланышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш», - деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

Ош шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданийбБорбору деп жарыялоо боюнча салтанаттуу аземдин ачылышына Азербайжан, Босния, Казакстан, Македония, Өзбекстан, Россия, Сербия, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан кыргызстандыктар келишти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком