08:40, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

№1 СИЗО менен №47 абак Бишкектин четине которулат

На русском
16:57, 20 чын куран 2019 271

Баракелде -  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев №1 СИЗОну жана №47 түзөтүү абагын Бишкек шаарынын четине которуу үчүн документтерди даярдоону баштоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал ЖАМКтын биринчи кварталынын жыйынтыгынын коллегиясында билдирди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле төмөнкүлөр тапшырылды:

- Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандар кармалган №19 абактын курулуш иштерин бүрүтүү;

- Бишкектеги ЖАМКтын кайтаруу жана конвоирлөө боюнча департаментинин базасында спорт залы менен 2 кабат имарат жана ЖАМКтын «Омега» атайын күчтөрү үчүн казарма куруу;

- №31 абактагы базага атайын оорукана уюштуруу. Ооруган адамдарды ташуу үчүн тез жардам кызматынын унаасын алуу пландалууда.

Мындан тышкары М.Турганбаев «Келечек» мамлекеттик ишканасына өндүрүүнү көбөйтүү тапшырмасын берди. Анын айтымында, учурда №16 абактагы кирпич заводдо 120 соттолуучу эмгектенет. Ошондой эле жакында №1 абакта завод иштетилип баштайт. Андан тышкары мекемелердин биринде жаңы тегирмен иштеп баштайт.

«Биз тендерлерден баш тартып, жылдын аягына чейин өзүбүздү камсыз кылышыбыз керек», - деди Мелис Турганбаев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком