20:46, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Дарак ыры» Россиядагы кинофестивалда баш байгени жеңди (видео)

На русском
14:30, 20 чын куран 2019 138
Ырчы Нурчолпон
Ырчы Нурчолпон

Баракелде -  Кыргызстандык режиссердун «Дарак ыры» тасмасы кечээ, 19-апрелде Россиянын Самара шаарында өткөн кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Байге башкы каарман Бегимай үчүн вокалдык ырларды аткарып берген ырчы — Нурчолпоного ыйгарылды. «Дарак ыры» тасмасы 22-апрелде Тегерандагы кинофестивалга катышып, тасманы башкы каарман Өмүрбек Израилов тааныштырат.

-----------------------------------------------------------------------------------------

Постсоветтик учурдан бери биринчи жолу кыргыз тасмасы Россиядагы жана Москва шаарындагы кинотеатрларда көрсөтүлөт. «Дарак ыры» тасмасынын бет ачары 28-апрелде «Октябрь» кинотеатрында болуп, андан кийин тасманы сатыкка чыгаруу маселеси чечилет. Жалпы кинотеатрларда 2019-жылы күздөн тарта сатыкка чыгаруу пландалган.

Тасманын режиссеру жана сценарийдин автору Айбек Дайырбековдун айтымында, алгачкы кыргыз мюзикли, уламыш тасмадагы окуя XIX кылымдагы жашоону сүрөттөп, сүйүү темасы каралган. Ал эми тасманы тартуу иштери Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жүрүп, каскадерлордун уникалдуу эмгектери (трюк) көрсөтүлгөн. Тасма үчүн атайын 200дөн ашык оригиналдуу костюмдар тигилди.

Башкы ролдогу каармандын образын кыргыз актеру Өмүрбек Израилов жана казак актрисасы Салтанат Бакаева жараткан. Тасма үчүн атайын 17 ыр жазылып, анын ичинен 12 чыгарма пайдаланылды. Саундтрек «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко (Ая) жана Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жылдыз Осмоналиева тарабынан аткарылса, клипти тартуу иштери Игорь Матвиенконун Москвадагы студиясында жүрдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком