16:21, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россияда кыргызстандык консулдун унаасы тротуарга токтотулган

На русском
11:54, 20 чын куран 2019 285
Кыргызстандын консулунун унаасы
Кыргызстандын консулунун унаасы

Баракелде -  Россиянын Курган шаарында Кыргызстандын башкы консулунун унаасы облустук администрациянын имаратынын алдында, тактап айтканда тротуарга токтотулган. Унаанын сүрөтү кечээ, 19-апрелде тартылганын «Znak.com» басылмасы жазды.

Аталган күнү саат 12:00дө Курган облусунун администрациясынын имаратында Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулу Нурлан Алымбеков менен Курган облусунун вице-губернатору Владислав Кузнецов жолугушкан. Губернатордун басма сөз кызматы дипломаттын иш сапары 3 күнгө созулганын билдирген. Бул учурда ал бир нече өндүрүш ишканасына барып, ал эми кечээ вице-губернатор менен жолугуп, экономикалык жана маданий кызматташтык талкууланган. Ошондой эле Курган облусунун делегациясы Кыргызстанга иш сапар менен барууну пландаган.

Нурлан Алымбековдун жетекчиси — Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Бообек Салимжановдун айтымында, дипломат жана айдоочу менен териштирүү жүргүзгөн. Ал эми унааны аталган жерге аларды коштоп барган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар токтоттурган.

«Аларды жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар тосуп алып, коштоп барышкан. Автоинспекциянын кызматкерлеринин уруксаты менен алар унааны аталган жерге токтотушкан. Вице-губернатор менен жолугушуу өткөн. Тактап айтканда, биз тараптан эч кандай өзүм билемдик болгон эмес», - деди Салимжанов.

Облустук администарциядан билдиришкендей, консулдун унаасы кызматтык унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком