05:53, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстандык жаран Казакстанга жасалма документ менен өтүүгө аракет кылган

На русском
11:04, 20 чын куран 2019 221

Баракелде -  Кечээ, 19-апрелде «Токмок — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы чек арачылар тарабынан паспорттук көзөмөлдөн өтүү учурунда кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын 1989-жылы туулган жараны Кыргызстандан Казакстанга жөнөп жатып, паспорттук көзөмөлдөн өтүү учурунда чек ара кызматкерине жасалма документ (ID-card) көрсөткөн», - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком