03:52, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаардын» атылган камерасы тесттик режимде иштеп жаткан

На русском
15:45, 19 чын куран 2019 248

Баракелде -  «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулуп, тапанча менен атайылап атылган камера тесттик режимде иштеп жаткан. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы түшүндүргөндөй, тесттик режимди комиссия кабыл алгандан кийин гана камера күчөтүлгөн режимге которулмак. Аталган камера эртеси күнү күчөтүлгөн режимге киргизилмек. Ал эми анын ордуна жол кыймылынын эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн жаңы камера орнотулду.

Чүй ОИИБдин алдын ала мааламаты боюнча, Бишкек—Торугарт унаа жолунда орнотулган камераны атайылап курал менен атып кетишкен. Бул факт боюнча иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, Жазык кодексинин 210-беренеси (мүлккө зыян келтирүү) боюнча сотко чейинки тергөө иши башталган.

-------------------------------------------------

Буга чейин Бишкек—Торугарт унаа жолунда, тактап айтканда Ысык-Ата районундагы Гидростроитель айылында жайгашкан видеокамераны белгисиз адамдар талкалап кеткен видеону «Репортерго» окурман жөнөткөн.

Аталган камера «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган. Видеодон адистер талкаланган камераны карап жатышканын көрүүгө болот.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары камера ок атуудан улам бузулган болушу мүмкүндүгүн божомолдоп жатышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком