16:28, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жаш жигит унаанын айнегин талкалап, акча жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн

На русском
08:36, 19 чын куран 2019 265
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Токмок шаарында унаанын айнегин талкалап, баалуу буюмдарды жана акча уурдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлерине 62 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 15-апрелде «Сузуки Альто» үлгүсүндөгү унаанын айнегин талкалап, чөнтөк телефон жана акча уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Ошондой эле 35 жаштагы Х.О. да арыз менен кайрылып, 15-апрелде белгисиз адамдар «Хонда Эдикс» унаасынын айнегин талкалап, акча жана документтерди уурдап кетишкенин билдирген. Мындан тышкары 33 жаштагы М.Г. «Хонда Стрим» унаасынан акча салынган баштыгын уурдаткан.

Аталган арыздар Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берилген. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыштарга шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 24 жаштагы жигит кармалды. Тергөө улантылып жатат.

(Шектүү)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком