03:51, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дарья Маслова Тажикстандагы жарым марафонго катышат

На русском
17:53, 18 чын куран 2019 204
Дарья Маслова
Дарья Маслова

Баракелде -  Кыргызстандык эки спортчу Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы жарым марафонго катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бешинчи жолу уюштурулуп жаткан жарым марафон 20-апрелде өтөт. Кыргызстандын атынан спорттук иш-чарага Дарья Маслова менен Жоодар Көчкөмбаев катышат. Ал эми аларды кураманын башкы машыктыруучусу Татьяна Борисова коштоп барат.

Маслова 2016-2018-жылдары Дүйшөмбүдөгү жарым марафондо жеңүүчү болгон. 2017-жылы Дарья Маслова 5000 жана 1000 метр аралыкта чуркоо боюнча Азия чемпиону аталган. 2018-жылы Азия оюндарында 10000 жана 5000 метр аралыкта чуркоодо алтын менен күмүш медалга ээ болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком