11:00, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дайынсыз жоголгон жигиттин денеси көлмөдөн табылды

На русском
17:43, 18 чын куран 2019 977

Баракелде -  Аламүдүн районундагы Константиновка айылындагы көлмөдөн эркек адамдын денеси табылды. Анын өздүгү такталып, буга чейин изделип жаткан Владимир Доложневич (1990-жылы туулган) экени аныкталган. Бул фактыны АКИpress агенттигине Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маркумду жакындары таанышкан. Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө, тактоо иштери башталды.

2019-жылдын 16-апрелинде Аламүдүн РИИБдин кызматкерлерине маркумдун апасы — 1956-жылы туулган Г.Л. кайрылып, Владимирди издөөгө жардам сураган. Анын айтымында, уулу 15-апрелде саат 21:00 чамасында Константиновка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком