04:00, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Боз үй, улуттук тамак-аш, «Манас» эпосу: Сеулда кыргыз маданияты тааныштырылып жатат

На русском
16:47, 18 чын куран 2019 136

Баракелде -  Кореянын Сеул шаарында Нооруз майрамына карата уюштурулган фестивалдын алкагында кыргыз маданиятынын жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында боз үй, шырдак, ошондой эле жүн, териден жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлуп, «Манас» эпосу тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле кыргыз элинин каада-салты жана үрп-адаттары менен тааныштыруу пландалууда. Ал эми эртең, 19-апрелде «Манас» эпосуна арналган иш-чара өтөт.

Элчи Динара Кемелова Кыргызстан, өлкөнүн тарыхы, маданияты, туризм тармагы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча презентация жасады. Андан кийин конокторго боорсок, чак-чак, ошондой эле бал, карагат, кургатылган жемиштер тартууланды.

15-апрелде башталган жумалык 27-28-апрель күндөрү Сеулдагы борбордук аянтта «Нуска» тобунун жана кыргызстандык дизайнерлердин катышуусунда жыйынтыкталат. Анда боз үй жана улуттук ашкана тааныштырылат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком