20:53, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ашхабаддагы катуу жаандан кийин 9 кабаттуу үй чөгүп баштады

На русском
10:51, 18 чын куран 2019 1456

Баракелде -  Ашхабаддагы катуу жаандан кийин Парахат кичи районундагы 9 кабаттуу турак үйдүн имараты чөгүп баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы жарыялады.

Түркмөнстандын өзгөчө кырдаалдарда чара көрүүчү кызматкерлери бул үйдө жашоо кооптуу экенин эскертишип, бирок жашоочуларга убактылуу башка жерден турак жай тап берүү маселеси чечиле элек.

Ашхабад шаарында 13-апрелде да жаан жаап, бир катар көчөлөрдү суу каптаган. Жаандын кесепетинен автомобилдик тоннель сууга толуп, кыймыл токтотулган болчу. Ошондой эле айрым көчөлөрдө унаалар жүрө албай калган. Кичи райондордогу турак үйлөрдүн жер төлөлөрү да сууга толуп, жогорку кабаттагы жашоочулар чатырдан суу өтүп жатканын айтышкан.

Turkmen.news басылмасы окуя болгон жерден видеотасма жарыялаган:

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком