11:03, 16 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамкаттоодогу 3 чиновниктин кармалышы: Туугандары райондук соттун алдына чогулушту (сүрөт)

18:26, 17 чын куран 2019 177

Баракелде -  Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдына Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлеринин туугандары чогулду. Учурда аталган кызматкерлердин баш коргоо чарасы каралган сот отуруму өтүп жатат.

Соттун алдына 100дөй адам келди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан өкмөткө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Русланбек Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев кармалганы маалым болуп, УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирген болчу.

2018-жылы октябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы жарандары үчүн биометрикалык паспортко бланк сатып алууга 1,2 млрд сомго тендер жарыялап, ага чет өлкөлүк 5 компания катышкан. Алардын бири 686 млн 772 миң 250 сом сунуштаган. Бирок комиссиянын чечими менен 940 млн 150 миң сом сунуштаган компания тендердин жеңүүчүсү деп табылган. Анын кесепетинен сынактын катышуучулары сунуштаган сумманын ортосундагы айырма 253 млн 377 миң 750 сомду түзгөн. Тактап айтканда, бир паспорттун баасы 420 сомду түзүп, тендерден уткан компания сунуштаган баадан (585 сом) 165 сомго арзан болмок.

«Тендердик комиссиянын негизсиз чечими менен бланк продукциясын жасоо тажрыйбасына ээ болгон дүйнөгө белгилүү компаниялар сынактан четтетилген. Бул факты боюнча материалдарды Башкы прокуратура Жазык кодексиндеги 319-берененин (коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган», - деп айтылат маалыматта.
Соттук өндүрүш ишинин жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлери тендерди уткан компания менен бириккени аныкталган. Учурда 3 кызматкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком