22:07, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамкаттоодогу 3 чиновниктин кармалышы: Бул топтошкон кылмышпы?, - депутат

13:26, 17 чын куран 2019 (Жаңыланды: 14:19, чын куран 17 2019) 324
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Алыбаев («Кыргызстан») башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон Мамлекеттик каттоо кызматынын камакка алынган 3 кызматкери тууралуу сурады. Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын 2018-жылы аткарган иштери боюнча отчетту угуп жатышат.

Тендердеги коррупция: Мамлекеттик каттоо кызматынын 3 кызматкери кармалды

Орозбек Алыбаев: - Урматтуу Өткүрбек Асылбекович, Сиздин отчётту колдойм. Бирок менде 2-3 күн мурун Мамлекеттик каттоо кызматынын 3 мүчөсүнүн кармалышы боюнча суроо бар. Бул топтошкон кылмыш болуп жатабы? Ошондуктан суроо: Алар бардыгы топтошкон кылмыш болуп эсептелеби? Алар кайда отурат, кайда кармалган?

Өткүрбек Жамшитов: - Алар бүгүнкү күндө УКМКнын абагында (СИЗО) кармалып турат. Тергөөчүнүн Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык укугу бар, кылмышка шектүү адамды 48 саатка кармап турат. Тергөөчү өзүнүн укугунан пайдаланып, бүгүнкү күндө 3 адамды кармаган. Аларга кайсы беренелер менен айыптар коюлганы тууралуу кабарлоо берилет. Бул бүгүнкү күндө карала элек.

Орозбек Алыбаев: - Демек, алар мыйзам боюнча 3 суткага кармалдыбы?

Өткүрбек Жамшитов: - 48 саатка.

Орозбек Алыбаев: - Эмне үчүн үчөө тең кармалды, бардыгынын күнөөсү бирдейби? Канткенде да алар Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери, жөнөкөй катардагы эмес.. Ошону түшүнбөй жатам.

Өткүрбек Жамшитов: - Азыркы мыйзамдар боюнча тергөөчү 48 саатка кармайт. Анан айып коюу боюнча кызмат адамы болсо прокурор тарабынан кабарлоо берилет. Бул берене боюнча күнөө коюлду деп шектүү болуп эсептелет. Азыр ал карала элек. Тергөөчүнүн укугу, мыйзам боюнча ар бир чечимди өзүнүн атынан кабыл алат.

Бардыгын тергөөнүн жыйынтыгы менен айталы. Бирок тергөөчү прокурордон уруксат сурабайт.

Бул суроодон кийин регламенттин беренеси боюнча 1 сааттык танапис жарыяланды.

----------------------------------------------------------------------

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан өкмөткө караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Русланбек Сарыбаев, статс-катчысы Данияр Бакчиев кармалганы маалым болуп, УКМКнын басма сөз кызматы буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирген болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком