16:22, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бурак Өзчивиттин жаңы төрөлгөн уулу Өзбекстандан белекке батир алды

На русском
18:03, 16 чын куран 2019 321
Бурак Өзчивит
Бурак Өзчивит

Баракелде -  Түркиянын белгилүү актеру Бурак Өзчивиттин жаңы төрөлгөн уулуна Өзбекстандын Ташкент шаарынан турак үй белекке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Rusturkey.com басылмасы түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берүү менен билдирди.

Бурак Өзчивиттин уулу — Каран Өзчивит Өзбекстандагы компаниянын турак жай комплексинен белекке кыймылсыз мүлк алган. Түрк актеру белекти кубануу менен кабыл алып, баласы Карандын атынан компаниянын ишкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

------------------------------------------------------------------

13-апрелде Бурак Өзчивиттин жубайы — түркиялык актриса Фахрие Эвджен Өзчивит уулун жеке төрөтканалардын биринде жарыкка алып келген.

Белгилүү жубайлар Эвджен менен Бурак Өзчивит уулуна Каран деген ысым ыйгарышкан. Анын салмагы 3 кг 670 грамм болсо, боюнун узундугу — 52 cм. Жубайлар 2017-жылы июль айында баш кошушкан болчу. Алар бир нече тасмада чогуу роль жаратышкан.

Ошондой эле Бурак Өзчивит Өзбекстандын Ташкент шаарындагы бай адамдардын жубайлары, ишкер жана модель айымдар менен фуршет үстүндө жолугуп, 2,5 сааттын ичинде 379 миң доллар тапкан.

Алардын маалыматына караганда, Бурак Өзчивитти Өзбекстанга анын ишмердүүлүгүнө көз салып жүргөн айымдар менен жолугуу үчүн түшкү тамактанууга чакырышкан. Rusturkey.com басылмасы түркиялык киноактер Ташкенттеги банкетке белгилүү адамдар менен жолугуу үчүн 2,5 саатка келгенин жазган.

Ал эми Өзбекстан жаңылыктары интернет басылмасы Өзчивит өзбекстандык режиссерлор менен өзү тартыла турган жаңы сериал жөнүндө сүйлөшүп, андан тышкары жаш актерлор үчүн мастер-класс өткөргөнүн жазган.

Түркиялык актер Ташкентте өткөн иш-чаранын сүрөттөрүн жана видеолорун социалдык тармактарга жарыялаган. Ал «Даңазалуу доор», «Кара сүйүү» жана башка сериалдар аркылуу таанымал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком