03:56, 18 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Көрүстөндөн 867 миң сом жоголуп, жетекчилерге айып тагылды

На русском
16:58, 16 чын куран 2019 369

Баракелде -  Бишкектеги ритуалдык кызмат агенттигинин мурунку директору, Түштүк-батыш көрүстөндүн мурунку башчысы жана күмбөздүн кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты бүгүн, 16-апрелде АКИpress агенттигине ритуалдык кызмат агенттигинин директору Аскербек Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2012-2015-жылдар аралыгында Түштүк-батыш көрүстөндүн борбордук аллеясында 234 маркумдун денеси коюлган.

«Бирок агенттиктин кассасына тиешелүү сумма болгон 7,5 миң сом, анын ичине кирген сөөк коюу кызматынын акысы төлөнгөн эмес. Бюджетке келтирилген зыян 867 миң 616 сом болгон. Бул багытта Экономикалык кылмыштуулук менен каршы күрөшүү кызматы жакшы иштеп, агенттикте 2016-жылга чейин иштеген мурунку директорго, көрүстөндүн мурунку башчысы жана мурунку кызматкерге айып тагышты», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком