16:28, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Тендердеги коррупция: Мамлекеттик каттоо кызматынын 3 кызматкери кармалды

На русском
16:53, 16 чын куран 2019 456

Баракелде -  УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери эмне себептен кармалганы боюнча комментарий берди. Ведомствонун басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, буга чейин биометрикалык паспортко бланк сатып алууга тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.

2018-жылы октябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы жарандары үчүн биометрикалык паспортко бланк сатып алууга 1,2 млрд сомго тендер жарыялап, ага чет өлкөлүк 5 компания катышкан. Алардын бири 686 млн 772 миң 250 сом сунуштаган. Бирок комиссиянын чечими менен 940 млн 150 миң сом сунуштаган компания тендердин жеңүүчүсү деп табылган. Анын кесепетинен сынактын катышуучулары сунуштаган сумманын ортосундагы айырма 253 млн 377 миң 750 сомду түзгөн. Тактап айтканда, бир паспорттун баасы 420 сомду түзүп, тендерден уткан компания сунуштаган баадан (585 сом) 165 сомго арзан болмок.

«Тендердик комиссиянын негизсиз чечими менен бланк продукциясын жасоо тажрыйбасына ээ болгон дүйнөгө белгилүү компаниялар сынактан четтетилген. Бул факты боюнча материалдарды Башкы прокуратура Жазык кодексиндеги 319-берененин (коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган», - деп айтылат маалыматта.

Соттук өндүрүш ишинин жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлери тендерди уткан компания менен бириккени аныкталган. Учурда 3 кызматкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий каты боюнча, жалпы жарандык паспорттун 130 миң бланкы бар. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 2-майында дагы 250 миң даана бланк алынып келет.

5 компаниянын тизмеси:

- Muhlbauer ID Services GmbH — 686 миллион 772 миң 250 сом;

- Veridos GmbH — 936 миллион 347 миң 750 сом;

- «Гарсу пасаулис» — 940 миллион 150 миң сом;

- IDEMIA France SAS — 948 миллион 713 миң 750 сом;

- Казакстандын улуттук банкынын банкноттук фабрикасы — 1 миллиард 257 миллион 847 миң 112,5 сом.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком