18:53, 25 кулжа 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

57 жаштагы адамдын үйүнөн баңгизат жана мылтык табылды (сүрөт)

На русском
14:39, 16 чын куран 2019 166

Баракелде -  Кемин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизат жана курал сактоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери алынган ыкчам маалыматтын негизинде 57 жаштагы Д.И.нын үйүн тинтүүгө алып, баштыктан 140 грамм баңгизат (марихуана), номуру өчүрүлгөн мылтык табылып алынды. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Д.И. баңгизатты өзү колдонуу үчүн сактап жүргөнү аныкталды. Ал эми куралды таап алганын билдирген.

Бул факты Жазык кодексиндеги 253-берене (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-берене (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми шектүү камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком