07:24, 19 чын куран 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Онлайн маркет Ойно Работа Справочник АКИ-TV Куда пойти? Булбул

С.Жээнбеков Мюнхендеги айыл чарба ишканасында биогаз кандай өндүрүлгөнүн көрдү (сүрөт)

На русском
14:21, 16 чын куран 2019 35
Мюнхендеги айыл чарба ишканасы
Мюнхендеги айыл чарба ишканасы

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарынын чет жакасында жайгашкан «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында болду. Ишкананын менеджери Томас Пеллмейер уйдун кыгынан биогаз өндүрүү боюнча иштөө принциптерин көрсөтүп берди, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Менеджердин айтымында, учурда фермада 200дөй уй багылып, алар сүттөн тышкары биогазды өндүрүү үчүн сырьё менен камсыз кылышат. Биринчи биогаз жабдыктары 1996-жылы курулган. Ошондон тарта ишкана энергиянын жаңыланма булактарын колдонууну кеңейтүү жана биогаз өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча Баварияда жана Германияда флагман болуп калды.

Мамлекет башчысы ишкананы кызыгуу менен көрүп чыгып, Кыргызстанда энергиянын жаңыланма булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгү толук ачылбай жатканын белгиледи. Бул жагынан бавариялык фермердин тажрыйбасын кыргыз экономикасына жакын деп баалап, бул алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө Кыргызстандын агрардык секторунун толук мүмкүнчүлүгү бар экенине ишене турганын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков фермадагы эмгектин уюштурулушуна терең канааттануу билдирип, менеджерге кыргыз аргымактары түшүрүлгөн сүрөттү эстеликке белек кылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком